Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелер кайсы картанын негизинде такталары айтылды

0

Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстан менен чектеш аймактардын чек ара линиясынын долбоору кайсы карта менен аныктала турганын кабарлады.

Асфальт төшөө учурунда ишкерлер.
Кыргызстан менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол курат. Аны Тажикстан колдонот
Кыргызстандын министрлер кабинети Тажикстандын буга чейин жарыялаган маалыматын тастыктады. Ага ылайык, тараптар № 43 чек ара тилкесинен № 61 чек ара тилкесине чейинки жана № 135 чек ара тилкесинен № 141 чек ара тилкесине чейинки бөлүктөгү мамлекеттик чек ара линиясынын долбоорун аныктоо үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери менен материалдары колдонулат. Эки өлкө топографиялык жумушчу топтун мүчөлөрүнө кыргыз-тажик чек арасынын жогоруда аталган участкаларындагы долбоордук линияны 5-9-май аралыгында жүргүзүүнү тапшырган.
Муну менен катар 17-майга чейин топографиялык иштер менен кыргыз-тажик чек ара линиясын аныктоо иштери Лейлек районундагы Максат, Кулунду айылдарында, Баткен районундагы Көк-Терек, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында, мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача айылында, Согди облусуна караштуу Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдарында жана Исфара шаарында жүргүзүлөт.

Мындай макулдашууга чек арадагы кырдаалдан кийин өкмөттүк комиссиялардын Баткен облусундагы жолугушуусунда келишкен.

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.