“КЫРГЫЗФИЛЬМ” УЛУТТУК КИНОСТУДИЯСЫ СЦЕНАРИЙЛЕР КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

0

Кыргызфильм Кыргыз Республикасынын Президентинин №159 Жарлыгына жана тармактык ченемдик актыларга ылайык 2026–2027-жылдардагы тематикалык планды түзүү максатында кыска жана толук метраждуу көркөм, ошондой эле илимий-популярдуу даректүү фильмдер үчүн сценарийлердин ачык конкурсун жарыялайт.

Конкурс төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча өткөрүлөт:
– дебюттук фильмдер;
– арт-хаус (автордук) фильмдер;
– тарыхый фильмдер;
– ко-продукциялык (биргелешкен) долбоорлор.

Конкурска Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар (продакшн-студиялар, чыгармачыл бирикмелер ж.б.) катыша алышат. Кароого кыргыз тилинде, талапка ылайык “американка” форматында жазылган сценарийлер гана кабыл алынат.

Сценарийлер 10 критерий боюнча бааланат: идеянын оригиналдуулугу, сюжеттик түзүлүшү, каармандардын өнүгүүсү, көркөм деңгээли, тил нормаларын сактоо жана автордук өзгөчөлүк ж.б.

Конкурстун мөөнөтү: 24-февраль 2026-жылдан 17-июль 2026-жылга чейин (саат 18:00гө чейин).

Документтерди кабыл алуу дареги:
Бишкек шаары, Д.Асанова көч., 1,
2-кабат, редакция бөлүмү.

kyrgyzfilmredakcia@gmail.com
Байланыш номер: +996 500 160 153

Сценарийлер кагаз түрүндө (2 нуска) жана электрондук форматта кабыл алынат.

Улуттук кино өнөрүн өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл идеяларды күтөбүз!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.