Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге электрондук билерик тагылды

0
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов социалдык баракчасына жазды.
Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Ал соттун чечими менен тагылат.
Аяз Баетов кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтыларын кошумчалады.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.