Кыргызстанда аномалдуу ысык: 21-июлдан тарта жаан күтүлөт

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы (Кыргызгидромет) жакынкы күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан-чачын жаай турганын билдирди.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте 21–25-июль күндөрү күндүз айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт.

21-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөй баштайт. Бул күнү күндүз +35…+37 градус, түнкүсүн +24…+26 градус болушу күтүлүүдө. Ал эми 22-июлда күндүз +27…+29 градус, түнкүсүн +20…+22 градус болот.

Ошол эле учурда 19–20-июль күндөрү өлкөдө аптаптуу ысык сакталат. Абанын температурасы +41…+43 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонууда.

Эске салсак, 2026-жылдын 17-июлунда Бишкекте метеобайкоолордун тарыхындагы ушул күн үчүн эң жогорку температуралык көрсөткүч катталган. Борбор калаада абанын температурасы +41,6 градуска жетип, климаттык нормадан 7,7 градуска жогору болгон.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.