Кыргызстанда экинчи күн катары менен коронавирустун учуру катталган жок

0

Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ал эми бир суткада 9 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 4, Чүй облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 91 бейтап, амбулатордук түрдө 41 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 257 киши айыгып чыкса, 2 миң 989 адам каза болду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.