КЫРГЫЗСТАНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИНИН ӨСҮШҮ БАЙКАЛУУДА

0

Кыргызстанда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү байкалууда. Мындай маалыматтар Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин отчетунда келтирилди. 2021-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджет Армения, Беларусь жана Казакстанда дефицит менен аткарылды. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу Армения менен Беларуста дефициттин азайышы байкалса,

Кыргызстан менен Россияда бюджеттин тартыштыгы профицитке алмаштырылган. Арменияда, Белоруссияда жана Россияда кирешенин өсүш темпинин жогорулашы жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын өсүш темпинин кыскарышы байкалган. Казакстанда кирешенин жана чыгашанын өсүү темпи төмөндөсө, Кыргызстанда эки көрсөткүч тең тездетилген темпте өскөн. Каралып жаткан мезгил ичинде ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттеринде республикалык бюджеттин кирешелеринин түзүмүндө кошумча нарк салыгы 24-42%ды көрсөткөн жана бюджеттин кирешелерине башка кирешелер 21-50%га жеткен. Бардык мүчө мамлекеттерде бюджеттин чыгаша бөлүгүндө социалдык чөйрөнү жана улуттук иш-чараларды каржылоо олуттуу үлүштү ээлеген. Улуттук экономикага чыгымдардын өсүшү Арменияда, Кыргызстанда жана Орусияда байкалды, деп айтылат маалыматта. 2021-жылдын 1-октябрына карата өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу жалпы ЕАЭБ боюнча мамлекеттик карыз 32,1%га өстү. 2021-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик карыздын түзүмүндө тышкы карыз Армения, Беларусь жана Кыргызстанда, ички карыз Казакстан менен Россияда басымдуулук кылган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.