Кыргызстан 2027-жылы Германияга түз аба каттамдарды ачат, учуулар эң акыркы үлгүдөгү Airbus A321 лайнерлери менен аткарылат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айында эки жаңы аба кемесин сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Алыскы аралыкка учуучу учактарды сатып алуу чечими Кыргызстан эл аралык аудиттен ийгиликтүү өтүп, Европа биримдигинин «кара тизмесинен» чыгарына бекем ишеним менен кабыл алынган.
«Биз кара тизмеден чыгуу долбоорунун ийгиликтүү жыйынтыкталарына ишенгендиктен, Европага уча ала турган лайнерлерди сатып алганбыз. Бул учактар 2027-жылдын март айында келет жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын флагмандары болуп калат», — деди Манасбек Самидинов.