Кытайда учуучу автоунаа пайда болду

0

Кытайдын XPeng автоунаа өндүргөн компаниясы айдоого гана эмес, учууга да жөндөмдүү машинанын прототибин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгашты.

Маалыматка ылайык, унаа «HT Aero» деп аталат. Седан формасындагы унаанын үч эшиги жана эки отургучу бар. Унаа жолдордо жана абада айлана-чөйрөгө туруштук бере ала тургандай система менен жабдылган.

«HT Aero төмөн бийиктикте учууга ылайыкталган. Рулдан тышкары кабинада абада кыймыл үчүн джойстик сыяктуу башкаруу баскычы бар. Берилген машинанын узундугу 5,5 метр жана Xpeng P7 моделине салыштырмалуу 50 пайызга жеңил. Абадагы унаа саатына 130 километрге чейин учат«, — деп айтылат.

супер кж

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.