Кыяз Молдокасымов: Өлкөгө эң башкысы тынчтык керек! Жалпы элдин эңсегени да тынчтык жана бейпилдик!

0

“Ордо оюндары, шайлоо чатактары, абалдан чыгуунун амалдары Убагында ордо оюнунан от чыгып бир атанын балдары чабышып, кыргынга кабылган. Учурунда ордо оюну улут лидери Исхак Раззаковду кызматтан кетирип, четке айданткан. Эл башына келе турган мыктыларды мертинтип өмүрүн кыйган. Шайлоо чатактарынан улам үч Президент Ак үйдөн куулган. Булардын бардыгы тарыхтын чындыгы жана сабактары. Жаңыдан жалын ала баштаган чатак да шайлоодон улам болууда. Шайлоону таза өткөрүүгө Президент болгон аракетин жасаганына жалпы эл күбө. Акырында АСУнун адашуусу жасалган жакшы иштерге көө сыйпап таштады. АСУнун адашуусун жөнгө салалы, добуштун жыйынтыгын кол менен санап, чындыкты элге жарыялап, жаңылыштык жөнгө салалы дегенге көгөрүп макул болбогон тарап ортодо тирешүүнү күчөтүп, чыр-чатак ырбап бараткандай. Өткөн тарыхыбызды эстеп, андан сабак алып абалдан чыгуунун туура жолуна түшпөсөк өлкөбүздү кара булут каптайт. 30 жылдык энемендүүлүгүбүзгө доо кетет. Андыктан кол санактын жыйынтыгын күтөлү. АСУдагы алешемдиктер атайылап жасалган болсо айыптуулар аныкталып, катуу жазалансын! Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу доо арыздар тыкыр иликтенип, фактылар аныкталса канча добуш алганына карабай талапкерликтен четтетилсин! ШайлооШайлоонун расмий жыйынтыгы менен макул болбой тирешкендер мамлекет кызыкчылыгын бийик коюп, ырбап бараткан чыр- чатакты токтотолу! Кан-төгүлүүнү самаган күчтөрдүн аракетин, эңсегенин акыл-эс менен жеңели. Өлкөгө эң башкысы тынчтык керек! Жалпы элдин эңсегени да тынчтык жана бейпилдик!”

Get real time updates directly on you device, subscribe now.