Майып балдардын бүгүнкү турмушунан, тагдырынан үзүмдөр

0

Учурда жалпы өлкөбүз боюнча 30 миңдей майып балдар бар. Жыл санап бул цифра көбөйүп келет. Алардын көпчүлүгү айыл жергесинде. Көп балалуу үй-бүлөлөрдөн да мындай балдар көп кездешет. 30миң ата-эненин отуз миң башка кайгысы, азабы муң зары бар. Аларга аялуу карайлы. Мамлекетибизге ишенбей ар бирибиз өз жардамыбызды аябайлы.

Ширин Сыргакова: «Же отуралбай же тамак иче албай жаткан уулумду караган сайын жүрөгүм ооруйт»
Ортончу баласынын жашы тогуз жашка чыгып калса да өз алдынча баспай, мойну токтобой, а түгүл олтура албаганына карабай, бул сыноону жеңем деген үмүт менен жашап келаткан каарманыбыз төрт баланын энеси Ширин Сыргакова менен маек курдук.

Канчалык аракеттенбейли өп-чап турмуш…
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну болчубуз. Биз эл катары жакшы турмуш курдук. Биринчи уулубуз ден-соолугу чың жакшы төрөлдү. Экинчи уулум кыйналып төрөлдү. Төрөлгөндөн эле аябай алсыз болуп төрөлдү. Балыкчыдан Бишкеке жөнөтүштү. Жал кичи районундагы балдар ооруканасында дарыландык. Дарыгерлер Балыкчыга кетпей эле Бишкекте калып дарыгерлердин кароосунда болгула деп сунушташты. Ошону менен үй-бүлөбүз менен борбор калаабызда кала бердик. Уулум жакшы болуп кетет деген үмүтүбүздү таталкаланып бир жылдан кийин ДЦП деген диагноз коюшту. Бир жашынан бери ар кайсы ооруканаларда дарылатып келебиз. Адегенде дарыгерлер көп жашабайт дешкен. Кудайга шүгүр тогуз жашка чыгып калды. Канчалык аракеттенбейли өп-чап турмушта, батирде күн кечирип жаткан бизде күнүмдүк тиричиликтен, уулубуздун дары-дармегинен ашкан каражат деле жок.
Баламдын абалы оор бойдон калууда

Азыр баламдын абалы оор бойдон калууда. Мойнун токтото албайт, олтурбайт, өз алдынча тамак ичпейт. Өзү курактуу балдардан алда канча артта калган. Бир айлык дарылануусу үчүн орточо эсеп менен 20-30 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Алты ай сайын Жалдагы ооруканага жатабыз. Мындан сырткары, үйдөн дары-дармек ичет, массажга алып барам, витаминдерди алып берем. Түркияга февраль айында келсеңер жакшы болот деген, ага жетишпесек мартта барабыз деп үмүт кылып турам.
Же отуралбай же тамак иче албай же сүйлөй албай жаткан уулумду караган сайын жүрөгүм ооруйт. Кээде ыйлайм кээде соороном.

Оорулуу балдарды баккан ата-энелердин көпчүлүгү айыл жергесинде
Ушундай балдарды баккан ата-энелердин көпчүлүгү айыл жергесинде. Чынында реаблитациялык борборлор айылдарда жок. Тогуз жылдан бери батирден батирге көчүп жашап келебиз. Майыптыгы бар балдарды баккан үй-бүлөлөргө кичине мамлекет тарабынан колдоо болсо бизге бир топ жеңилдик болмок. Мисалы 17-18миң батирге толөгөн акчабыз ипотекага кетсе же жер тилкелеринен бөлүнуп берилсе өз үйүбуз болуп калмак. Азыр үй-бүлөдө бир гана адам иштейт. Тапкан акчасы баары эле батирибизге, баланын дарылануусуна кетет. Неврологиялык дарылар да өтө кымбат. Айыл жергесинен шаар жергесине келген майыптыгы бар балдарды баккан энелерге ушундай жардамдар болсо бир топ жеңилдик болмок. Айласыз борбор калаадабыз. Айылда тажрыйбалуу дарыгерлер жок. Дарыгерлер болсо керектүү апараттар жокко эсе. Биз болсо ар убак мыкты дарыгерлердин көзөмолүндо болууга муктажбыз. Айдан айга жылдан жылга канда этаптар менен дарылоону өздөштүргөн дарыгерлер айылдарда жокко эсе.

Смесь, памперс азаптары
Азыр азык-түлүк, дарылардын баары кымбат. Памперс, сместердин баасы асман чапчыды. Буларды колдонууга айласыз муктажбыз. Бир сместин баасы 1200сом турат. Ал ашып кетсе 4-5күнгө жетет. Оор абалдагы балдарга, апараттарга жаткан балдарга түрдүү витаминдер менен смесь берип туруу керек.
Оорулуу баккан адам баккан адамдын озүнүн ден-соолугу начарлайт экен. Баламды тогуз жылдан бери багам. Өзүмдун ден –соолугумдан кыйла эле ажырап жатам. Кант диабетине чалдыгып, жакынкы аралыкта өтүмдү алдырып операция болдум. Майыптыгы бар балдарды баккан энелер оздөрү да камкордукка, эс алууга муктаж. Жок дегенде бир жылда бир жолу акысыз дарылануу уюштурулса чоң жеңилдик болмок.

Чынара Мамажакыпова: “Ата-энелерге да, балага да жараткандан чоң сыноо берип коет экен”


Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эстегенде түн уйкусу бөлүнүп санаага батып аларды кантип азап тарткан дарттарынан айыктырып, бактылуу балдардын катарына кошсом деген кыялдар менен таң атырган Чынара Мамажакыпова “Аяр зат” коомдук бирикмесинин алдында “Керемет келечек” жетим балдар үйүн ачып бир топ көңүл кубанткан иштерди жүзөгө ашырды.
Биз бүгүн Чынара айымга өз суроолорубузду узаттык.

—Чынара айым “Аярзат” коомдук бирикмеси менен алып барып жүргөн жакшы иштериңе күбө болуп жүрөбүз. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалын билип, аларга өз энесиндей мээрим төгүп, ар биринин терең кайгылар катылган көздөрүнө кубаныч тартуулап тураарыңды байкап келебиз?
— Негизи эле жетим балдар үйлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборлоруна бир жумада бир барып турууну адатка айландыргам. Мен аларга кайрымдуулук иштерин жасап керектүү оокаттары, буюмдары менен камсыздап, аларга убактымды бөлүп, ойнотуп баарлашып кайтканда кадимкидей өзүмдү жакшы сезип көп көйгөйлөр да унутта калат.
Аларга боорум ооруйт. Айрымдары жыйырма жашка келсе дагы жакшы сүйлөй албайт. Тилдери чыкпай калган. Баса албайт.
Кээ бирлери бир орундан жылбай керээлден кечке отурушат. Аларды көргөн сайын таатаал тагдырларына, дарттарына ичим тызылдайт. Өзүм дин жаатында жүргөндүктөн беш маал намаз окуган сайын алардын ден-соолугун жараткандан сурайм. Жок дегенде ошол балдар басып сүйлөп калса, дарттарын так аныктап айыктырып алсак дегенде эки көзүм төрт.
—Ата-энеси бар андай балдар да көп да. Ата-энелери менен кезигишип, баарлашып калган учурлар болобу?
— Ата-энелерге да, балага да жараткандан чоң сыноо берип коет экен. Айласыз бул кадамга барган ата-энелер көп. Алардын таштап кеткенин себебин сурасаң “бул бир эле балам эмес, дагы үч төрт балам бар. Ушул баламдын айынан иштей албай калып жатам башкаларын дагы багыш керек . Айласыз мажбур болдук” дешет.

Майып балдар билим алуудан аксап келишет
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алуудан аксап келишет. Бул бүгүнкү чоң көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочу Назгүл Турдубекова төмөндөгүлөргө токтолгон.
«Мамлекеттик билим берүү системасы өз милдетин аткарбай, жоопкерчиликтен качыш үчүн майып балдарды окутуудан кадимкидей баш тартат. Кичинекей, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен коомду кайра коркутат. «Булар соо балдарды чаап жиберет» деп, аларды сегрегация кылып бөлөт. Бул мамлекеттин балдарга кам көрүү милдетинен түздөн-түз баш тартканы. Экинчиден, майып балдардын укугун урматтабай, тебелөөгө барабар. Маселен, интернатта окуп жаткан балдарды үй-бүлөгө кайтарып, анан аларга ар дайым мониторинг жасап турабыз. Ата-энелер бизге интернаттан балдар ар дайым биттеп, арыктап, жалтак болуп келгенин айтып жатат. Билимден да аксап жатканын айтышууда. Мамлекет аларды интеграциялоону кечеңдетпей ишке ашырышы керек».

Акыркы 10жыл аралыгында майып балдардын саны 10миңге көбөйгөн
Жыл сайын майып балдардын саны өсүүдө. Акыркы 10жыл аралыгында майып балдардын саны 10миңге көбөйгөн. Майып балдардын санын өсүшүнүн себептери үй-бүлөнүн туура эмес пландаштырылганы жана кош бойлуу учурунда энелердин аз кандуулугу, организмдеринде темирдин жетишсиздиги себепкер.
Ден-соолугу начар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 34%ы нерв ооруларына тушуккан. Ымыркайлардын тубаса кемтик болуп төрөлүшү кош бойлуу учурунда эненин депрессияга тушукканы, туура эмес тамактанганы, соиалдык абалдын начарлыгы чоң себепкер болуп келет. Эненин саламаттыгынын чыңдыгы улуттун саламаттыгынын чыңдыгына себепкер.
Андыктан айрыкча энелердин саламаттыгына көңүл буруп, үй-бүлөнү туура пландаштырган оң.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Get real time updates directly on you device, subscribe now.