Мамлекет көмүрдүн баасын үч ай жөнгө салып турат

0

Кыргызcтандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Тийиштүү чечимге төрага Улукбек Марипов кол койгон.

«Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Көмүрдүн баасы 90 күн жөнгө салынат», — деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.

error: Content is protected !!