Мерьем Узерли бүгүн Бишкекке келди

0

Түркиянын белгилүү актрисасы, «Даңазалуу доор» сериалы менен атагы алыска кеткен Мерьем Узерли бүгүн Бишкекке келди.

Белгилей кетсек, Мерьем Узерли Кыргызстанда өтө турган «Asian World Film Festival» иш-чарасына катышуу үчүн келди. Бул долбоор Бишкекте жаңы проекттин презентациясын өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты кинофестивалдын директору Асель Шерниязова буга чейин билдирген.

Ал эми Азият фильм фестивалы Лос-Анджелесте коомдук ишмер тарабынан негизделген. Кийинчерээк Франция элчиси менен Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы түптөлгөн. Фестивалдын өкүлү катары ишкер Шухрат Ибрагимов иш жүргүзүп келет.

Уюштуруучулардын айтымында, пресс конференция жана жабык гала кече өтөт. Мерьемден тышкары немис элинин белгилүү сүрөтчүсү Мартин Вертманндын дагы келиши күтүлүп жатат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.