Милиция Бишкектин борборунда ири жол тыгыны эмнеден улам жаралганын айтты

0

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү ири автоунаа тыгындын жаралышына троллейбустук линиялардын үзүлүшү себеп болгон. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган көчөдөгү көпүрөнүн алдындагы тыгынды дрон менен видеого тарткан. Анда түштүктү көздөй бара жаткан автоунаалардын айдоочулары тыгында тургандан тажап, артка кетүү үчүн каршы тилкеге бурулуп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары уруксат берилбеген үзүксүз эки чийинди кесип өткөн.

Кайгуул кызматы Бишкек троллейбус башкармалыгы жерине тезинен барып, мүчүлүштүктөрдү жойгонун билдирди.

Ошондой эле милиционерлер абалды жөнгө салган, азыр жол ачык.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.