Министр Бейшеналиев: COVID-19дун төртүнчү толкуну ноябрь-декабрда болушу мүмкүн

0

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал. Бул тууралуу 24-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

«Ноябрь-декабрь деп жаткан себебибиз, дал ушул айларда, суук түшө баштаганда коронавирус гана эмес, башка да суук тийген, сасык тумоо оорулары башталат. Албетте, сасык тумоо менен катар коронавирус да көбөйөт. Биз даярбыз. Бардык облустарда стационарлар да, медицина кызматкерлери да даяр. Дары-дармек жана башка керектүү каражат 2-3 айга жетерлик көлөмдө бар. Башкача айтканда, төртүнчү толкундун бардык көрүнүштөрүнө жана коронавирустун жаңы формаларына каршы күрөшүүгө даярбыз».

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну ошол жылдын октябрында болгон. Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды. Соңку күндөрү бир суткада жүзгө жетпеген бейтап жаңы катталууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.