Митингке элди чыгарган партия лидерлери элди колдонбогула!

0

Фейсбук колдонуучу элди митингге чакырган партия лидерлерине кайрылды.

Митингке элди чыгарган  партия лидерлери биринчи үй-бүлөсүн аянтка алып чыгышсын, эл көргөндү алар да көрсүн, алар да жарадар болушсун, алар да жоготууга учурасын. Жакындарын жоготуу кандай азап экенин жон териси менен сезишсин.

Алар айдактаса эле митингге чыга бересиңерби? Карапайым эл, алардын таламын талашып, митингке чыгып өлсө же жарадар болсо аларга баары бир. Жыргалын алар көрүп, курсагын сылаап, чиренип элдин эмгегин жеп, чардаап партиянын бекер акчасын алып, эс алып, кайф менен жашай берет. Элди курал катары гана пайдаланышат.

Карапайым эл эсибиз барда этегибизди жыйалы!.

«Эки дөө алышса, ортосунда кара чымын өлөт» болуп келдик ушу күнгө чейин.

Мадумаров  7-апрелде төңкөрүштө каза болгон  90  балабызды » алар баатыр эмес, алар  талап тонош үчүн барышкан, мен алардын мүрзөсүнө барбайм да, куран да окубайм деген .

Анан аны эмнеге ээрчийсиңер?

Текебаев үчүн  эл  эч ким эмес, аны эмне ээрчийсиңер ?

Биринчи  өздөрүнүн балдарын , кыздарын , аялдарын , жакындарын алып митингке чыга беришсин.

Биз президентибизди коргоп , колдоп туралы!

Get real time updates directly on you device, subscribe now.