Муфтият: Айт намаз эски аянтта окулат

0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окула турганын билдирип, анын программасын жарыялады. Ага ылайык, 6:00дөн баштап дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылып, намаз 07:30да окулат.

Буга чейин эки жылдан бери бул жерде жапырт намаз окууга уруксат берилбей келген. Бишкек мэриясы Бишкектеги эски аянт Орозо айтка байланыштуу оңдолуп жатканын кабарлаган.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

Мусулмандардын бир айлык ыйык орозо айы апрелдин соңунда аяктап, Айт майрамы 2-майга туш келери кабарланган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.