Мугалим эжей бөлмөсүндө отуруп жок дегенде бир сааттай ыйлады

0

 Фейсбук колдонуучу Дүйшөн Шаматов мугалим тууралуу кызыктуу аңгеме жарыялады.

Мектеп башталган биринчи күнү эле 5-класстын алдында туруп, эжей балдарга жалган айтты. Көпчүлүк мугалимдердей эле ал да окуучуларын карап, алардын баарын бирдей сүйөм деп айтты. Бирок, бул мүмкүн эмес болчу, анткени алдыңкы катарда Али аттуу кичинекей бала отурган.

Мугалим бир жыл мурун Алини көрүп, башка балдар менен жакшы ойнобогонун, кийимдери таза эмес экенин, жана өзү да жуунбагандай кир болгонун байкаган. Мындан тышкары, Алинин кыялы да жагымсыз болушу мүмкүн деп ойлогон. Эжей ошол окуучунун тапшырмасын текшерип жатып, кызыл калем менен былчыйта каталарды текшерип анан акырында тапшырманын үстүнө чоң «2» койгондон ырахат алчу.

Бир күнү эжей баардык окуучулардын мурунку документтерин баарын карап чыгышы керек болчу жана ал Алинин документтерин акырына калтырды. Акыры кезек келип, анын файлын эми гана карап баштаганда күтүлбөгөн нерсе болду.

Алинин 1-класстагы эжекеси мындай деп жазган: «Али абдан куунак, күлкүсү даяр жарык мүнөз бала. Ал өз ишин дайыма тыкан аткарат жана өзүн жакшы алып жүрөт. Ал менен убакыт өткөрүү мен үчүн өзүнчө бакыт».

2-класстагы мугалими мындай деп жазыптыр: «Али эң ​​жакшы окуучу, аны классташтары жакшы көрүшөт, бирок апасы айыккыс ооруга чалдыккан, ошого абдан тынчсызданганы байкалат».

3-класстагы мугалими мындай деп жазыптыр: «Апасынын каза болгону Алиге абдан оор болду. Ал колунан келгендин баарын кылууга аракет кылат, бирок атасы анча деле кызыгып жардам бербейт. Эгер бир чара кадамдар жасалбаса, анын үй жашоосу тескери таасирин тийгизет».

Алинин 4-класс мугалими мындай деп жазган: «Али эч нерсе менен аралашпай калды. Окууга көп кызыгуу көрсөтпөйт. Анын достору көп эмес жана кээде класста уктап калат».

Ошондо гана эжей Алинин көйгөйүн түшүндү жана ал өзүнүн кылгандары үчүн уялып калды. Анан да окуучулар жаңы жылдык белектерин жаркыраган кагазга салып кооз бантиктер менен байлап, Алинин белегин көргөндө өзүн андан да жаман сезди. Алинин белеги азык түлүк ташыган саргайган эски кагазга эптеп оролгон болчу. Ал белекти башка белектерге караганда араңдан зорго ачты. Ачканда эле кээ бир таштары түшүп калган билерик менен жарымына чейин түгөнүп калган атыр бөтөлкөсүн көргөндө кээ бир балдар каткырып күлө баштады. Эжей балдардын күлкүсүн басаңдатып, абдан кооз билерик экен деп, атырды билегине сүртүп койду. Али ошол күнү сабактан кийин жакын келип: «Эжеке, бүгүн сиз апамдай жыттанып жаттыңыз» деди.

Балдар баары кетти. Эжеке бөлмөсүндө отуруп жок дегенде бир сааттай ыйлады. Дал ошол күндөн баштап эжей окуу, жазуу жана арифметикадан сабак берүүнү токтотуп, ал балдарды окута баштады. Балдарга баладай мамиле кыла баштады. Эжей Алиге өзгөчө көңүл буруп калды. Акырындап Али сабакка кызыгып жандана баштады. Эжеке канчалык кубаттаса, Али суроолорго ошончолук тез жооп берип калды. Окуу жылынын аягында Али класстагы эң акылдуу балдардын бири болуп калды. Ал эми мугалим бардык балдарды бирдей сүйөм деп калп айтканы менен, анын Али менен болгон мамилеси өзгөчө болуп калды,

Бир жылдан кийин, каникулдан келгенде эжей эшигинин астынан Алинин жазган катын таап алды. Ал менин өмүрүмдөгү эң мыкты мугалимим болдунуз деп жазган кат экен.

Арадан алты жыл өттү, эжей Алиден дагы бир кат алды. Ал жогорку классты эң алдыкылардан болуп аяктап жатканын, бирок эжей дагы эле жашоосундагы эң мыкты мугалим экенин жазган.

Андан төрт жыл өткөндөн кийин, ал дагы бир кат алды. Катта ал кээде турмуш абдан оор болсо да, кандай кыйынчылык болсо да, аракет кылып жакында колледжди эң ​​артыкчылык диплому менен бүтүрөрүн жазган. Эжекесине дагы эле бүт өмүрүндө эң жакшы жана сүйүктүү мугалими болгонун жазат.

Андан кийин дагы төрт жыл өттү, дагы бир кат келет. Бул жолу ал бакалавр даражасын алып, бирок окуусун дагы улантарын жазган. Катта ал дагы эле эң жакшы жана сүйүктүү мугалими экенин дагы бир жолу белгилейт.

Окуя муну менен эле бүтпөйт. Ошол жазда дагы бир кат келди. Али бир кыз менен таанышып, үйлөнөөрүн жазыптыр. Атасы 2 жыл мурун каза болгонун жана эжекесин үйлөнүү тоюнда күйөө баланын апасы отурчу жерге келип отурасызбы деп суранат. Албетте, эжеке четке какпады. Жана эмне болду деп ойлойсуз? Ал Алинин апасынын билеригин тагынып келди. Анан Алинин апасынын атырын себинин келди.

Али эжекесин көрүп катуу сүйүндүм. Экөө кучакташып учурашты. Ошондо Али эжекесенинин кулагына: «Рахмат, эжекем, мага ишенгениңиз үчүн. Мага маани берип, өзүмдү өзгөртө алаарымды көрсөткөнүңүз үчүн чоң рахмат ”.

Эжеке болсо көзүнө толо жаш алып, ал дагы шыбырады: ‘Али, сен такыр туура эмес айттың. Мен сени эмес, сен мени үйрөттүң. Мени мугалим болгонду үйрөткөн сенсиң. Сага жолукмайынча кантип мугалим болуп, сабак бергенди да билбей жүргөн экенмин”.

Бул аңгеме биринчи жолу 1976-жылы Home Life журналында чыккан.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.