Никитенко Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборун жетектейт

0

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору мекемесинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Наталья Никитенко 1979-жылы туулган.

2010-2020-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарына депутат болгон. «Ата Мекен» социалисттик партиясынын мүчөсү.

Маалыматка караганда, Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө аналитикалык, эксперттик жана уюштуруучулук жактан колдоо көрсөтөт. Парламентаризмди жана демократиялык институттарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды ишке ашырат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.