«Омикрон» штаммынын вирусу дүйнөнүн 40 өлкөсүнө тараган

0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун «Омикрон» штаммы катталган өлкөлөрдө андан каза тапкандар жок экенин билдирди.

ДССУ бул штаммдын жугуу деңгээлин, андан оор илдеттер пайда болорун, ага каршы эффективдүү дарылоо жана вакциналарды аныктоо үчүн убакыт керектигин маалымдады.

Коронавирустун «Омикрон» деп аталган штаммы ноябрдын аягында алгач Түштүк Африкада катталган. Көп өтпөй бул штаммды жуктурган адамдар дүйнөнүн 40 өлкөсүндө катталды.

Европа Биримдигинин саламаттык сактоо агенттиги бул штаммга чалдыккандар жакынкы бир нече ай ичинде Европадагы COVID-19 вирусун жуктургандардын жарымына жетиши ыктымал экенин эскертти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.