«Омикрон» жуктурган бала өзгөрүп кетет. Дарыгер алгачкы белгисин атады

0

Жашоо образынын өзгөрүшү, көнүмүш адаттардан баш тартуу баладагы «омикрон» штаммынын биринчи белгиси болушу ыктымал. Бул тууралуу иммунолог Николай Крючковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.

Медик белгилегендей, дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл сыяктуу коронавируска таандык белгилер «омикрон» илештирген балдарды дайыма эле коштой бербейт.

«Анын алсырап, суроолорго жай жооп бергенине көңүл буруу керек. Жашоо образынын, көнүмүш адаттарынын өзгөргөнүнө да маани берүү зарыл. «Омикрон» жуктурган бала ойногусу келбей, табити жоголуп, өзгөрүшү мүмкүн», — деди Крючков.

Дарыгер жаңы штамм балдардын ичеги-карынында көйгөй жаратып, алар кусуп, ичи өтүп, ичи оорушу ыктымал экенин белгиледи.

Спутник кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.