Ооганстанда жер титиреп, 500дөй адам каза болгону маалымдалды

0

Ооганстандын чыгышында, Пакистан менен чектешкен жерге жакын жерде 6 баллдык жер титирөө болуп, акыркы маалыматтарга караганда, 500дөй киши каза болуп, миңге чукул адам жаракат алганын дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөө 1-сентябрга караган түнү саат 23:47де болуп, анын очогу Нангархар провинциясындагы Желалабад шаарынан 27 чакырым түндүк-чыгышта болгон.

20 мүнөттөн кийин ошол эле провинцияда дагы 4,5 баллдык жер титирөө болгон. Көптөгөн ылай жана таш үйлөр талкаланган. Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жатышат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.