Оору күчөдү, мектептер онлайн окутууга өтөбү? Мэриянын жообу

0

 

Акыркы жумаларда тумоологондор көбөйүүдө. Бөтөнчө балдар сыркоолоп, ооруканаларда орун жетишсиз болууда. Министрлик бүгүн кошумча орундар даярдаларын билдирди.

Бишкекте балдар арасында сасык тумоо менен курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) өсүп жатканына байланыштуу мектептерди аралыктан окутууга которуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде билдирди.

«Учурда КРВИ өсүп жатканын байкап жатабыз. Ал аба аркылуу тез тараган инфекция. Бала бакчада да ооруган балдар көп. Ошондой эле коронавирус жуктуруп алуу коркунучу да бар. Түшүнөбүз, оору күч, мектептегилерди бет кап тагынууга чакырабыз. Аралыктан окутуу каралган жок, биз балдар салттуу форматта билим алышы үчүн бардык чараларды көрөбүз», — деди Мозгачева.

Белгилей кетсек, октябрдан тарта Бишкекте курч кармаган респиратордук вирустук инфекцияларды жуктургандар көбөйүүдө. Социалдык тармактын колдонуучулары ооруканаларда орун жоктугун айтууда. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар даярдаларын убадалады.

Ошондой эле үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күнү да иштеп жатат. Алар мурда ишембиде түшкө чейин иштесе, эми кечке чейин оорулууларды кабыл алат. Ал эми жекшембиде түшкү экиге чейин болот. Ошондой эле процедуралык кабинеттер күнүгө саат 20:00гө чейин иштейт.

Спутник кж

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.