Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун «Ак-Мөөр» спектакли көрсөтүлөт. Оюн 5-сентябрда, саат 17:00дө башталат.
«Ак-Мөөр» спектакли Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата коюлуп жатат.
Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган. Башкы ролдорду Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев жана Муратбек Рыскулов ойногон.