Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө

0

Орусияда акыркы суткада 1 миң 254 адам коронавирустан каза болду. Мындай сандагы өлүм бир күн мурун да катталган. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун көбү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында катталган.

Орусияда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 261 миң 589 адамга жетти.

Жалпысынан Орусияда пандемия башталгандан бери 9 млн 200 миңден ашык адамдан COVID-19 илдети аныкталган.

Анын ичинен 7 млн 900 миң бейтап сакайып, 1 млн 898 миң 781 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.