Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмү мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоодо

0

2021-2022-жаӊы окуу жылынын башталышына карата бүгүн, 15-сентярь күнү Ош шаарынын аймагындагы орто мектептерде “Билим күнү!” салтанаттуу иш-чарасы өтүүдө. Бул иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен биргеликте, мектеп окуучуларынын мектепке келген учурда унаа жолдордон коопсуз өткөрүп, Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмү кызмат алып барышты.
Аны менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл бурулуп, алардын катышуусундагы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу үчүн унаа жолдордун боюнда жайгашкан мектептердин алдындагы жөө өткөөлдөргө окуучулардын элесин чагылдырган маникендер жасалып, шаарыбыздын орто мектептерине тапшырылды.
Жаӊы окуу жылынын башталышы менен жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо максатында, шаар мектептеринде сабактарды, аӊгемелешүүлөрдү өткөрүү үчүн 2021-жылдын 15-сентябрынан баштап 15-октябрына чейин бир айлык “Салам мектеп!” рейдтик иш-чарасы өткөрүлмөкчү.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин кызматкерлери менен биргеликте алгачкы класстардын окуучуларына жол коопсуздугун алдын алуу, жолдо коопсуз жүрүү жана жол эрежесин үйрөтүү багытында сабактарды өтүүдө жана балдарын алгачкы класска жетелеп келген ата-энелерге окуучулардын коопсуздугу үчүн үйгө барып келүүчү коопсуз маршруттарын, коопсуз жөө жүрүүчү жолдорду үйрөтүү керектигин жеткирүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.