Ошто судья өмүрүнө кол салды

0

Ош облустук сотунун судьясы Н. А. өз өмүрүнө кол салып ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты «Азаттыкка» Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев ырастады. Дарыгердин сөзүнө караганда, судья сол колунун күрөө тамырын кескен.

«Бүгүн эртең менен саат сегиз чамасында ооруканага сол колунун күрөө тамырын кесип алган жаран келип түштү. Ага ошол учурда операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал шок абалда тамырын кескен. Биз укук коргоо кызматкерлерине кабар бергенбиз», — деди дарыгер.

Дарыгер Жумалиевдин сөзүнө караганда, учурда бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда.

Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Ооруканадан кабар келип түшөр замат Ош шаардык милициясынын тергөө тобу ооруканага барып, окуя боюнча териштирүү, тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы менен «Азаттык» байланышканда Н.А деген судья иштерин, ал ооруканада экенин ырастап, бирок кандай себеп менен жатканын ачыктаган жок. Учурда судья ден соолугуна байланыштуу өргүүдө экенин айтып, башка маалымат бербеди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат иликтенип жатканын «Азаттыкка» маалымдады.

Азырынча судьянын өзүнөн же жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.