Пандемияда каза болгон медиктерге эстелик тургузулду

0

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы маалында кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон медициналык кызматкерлерге жана медициналык жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган эстелик тургузулду.

Анын ачылышына 19-октябрда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты. Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада орнотулган.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр пандемия мезгилинде 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлү бар.

Пандемияда эмгек сиңирген медиктерге арналган эстелик ыктыярдуу чогултуудан түшкөн каражатка тургузулган.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.