Президент Баткенде 2 айдын ичинде жаңы заманбап үйлөр куруларын айтты

0

Бүгүндөн баштап Баткен облусунун Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өлкө башчы белгилегендей, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар салынат. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

Эскерте кетсек, 28-апрелде «Головной» башкы суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп, андан улам нааразычылыктар пайда болуп, куралдуу кагылышуулар мына ушул жерден тутанган. 29-апрель күнү тажик тарап ок чыгарып, аскердик оор техникалар колдонулган.

Акыркы маалыматтарга караганда, тажик тараптын аскердик кол салуусунан жалпы 189 кыргыз жараны жабыркап, 36 киши набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусун аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркап, жараксыз абалга келген. Тажик бийлиги 19 тажикстандык каза тапканын ырастады.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 6-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Ал эми Тажикстан бийлиги чек ара согушунда каза тапкан жарандарынын үй-бүлөсүнө 70 миң сомониден берген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.