Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү

0
Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аракеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты.
Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантууга келишишти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.