Президент Текебаевге кол салууну иликтөө боюнча ИИМге тапшырма берди

0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгону жөнүндө маалымат Президент Садыр Жапаровго жеткирилди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге кол салган адамдарды аныктоо максатында тыкыр издөө иштерин жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

«Болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Белгилей кетсек, ар бир адам макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылганга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча иш жүргүзүүгө милдеттүү», — деп билдирди Султанбаев .

Get real time updates directly on you device, subscribe now.