Президент Жапаров расмий сапар менен Германияга барды

0

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда расмий сапар менен Германияга барды. Мамлекет башчысынын борту Берлин шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Садыр Жапаровду Германиянын тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары, мамлекет башчы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.