Сүттүн майлуулугуна жараша баасы аныкталат…

0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен эки жылдан бери сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган алгылыктуу иштер аткарылууда.

Анткени, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Мына ушул көйгөйдү чечүү багытында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан былтыртан баштап, сүттүн майлуулук курамына жараша баанын тарифтик графигинин таблицасы сунушталып, дыйкан-фермерлерге өндүргөн сүтүн сүт заводоруна ортомчусуз түз сатууга шарт түзүлдү.

Мисалы, сүттүн майлуулугу 4% жогору болсо 40 сомдон өйдө, 3,5% болсо 36-39 сомдон, 3% болсо 31 сомдон завод кабыл ала турган баа болот.

Баанын мындай тарифтик графигинин таблицасы сүт кабыл алган ар бир заводго орнотулат. Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан белгиленет.

Эгерде дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, нааразы тарап Ветеринардык кызматтын лабораторияларына кайрылса болот. Ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, корутундуда сүттүн майлуулугу канча болсо, завод фермерден сүттү белгилеген тарифтик баада кабыл алат. Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөт.

Баанын наркынын атайын тарифтик графигинин таблицасын сүттү кайра иштетүүчү ишканалар милдеттүү түрдө илип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл кабардар болгондой шарт түзүш керек.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.