С. Жапаров: БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти

0

Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” расмий баракчасына Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк боюнча түшүндүрмө берди. Ал Боршайкомдун майда-чүйдө катасы айрыкча парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылганын жазды.

“БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыкты. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот”, — деп кошумчалады президент.

Өлкө башчы бийлик шайлоого да, Боршайкомдун ишине да кийлигишпегенин, БШК тараптан да добуштарды бурмалоо болбогонун жана бурмаланбай турганын билдирди.

“Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем”, — деп, алдын-ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат”, — деп жазды.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын жыйынтык чыгарган Маалыматтык шайлоо системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну “көз боёмочулук” деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. 29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында парламенттик шайлооонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү жана бир мандаттуу округдан шайлоого катышкан айрым талапкерлер нааразылык акцияга чыккан.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Ушул күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап жатат. Боршайком бул үчүн эки-үч күн кетерин билдирди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.