Президент Садыр Жапаров «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту

0

Президент Садыр Жапаров Ала-Тоо — 3 конушунда жаңы конуштардын тургундары менен жолугушуу учурунда душмандары бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар экенин айтты. Президенттин айтымында, көмүр ташыган машинелердин ээлери саботаж уюштурган.

«Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар. Мына көмүр боюнча бир ай какшап сурандык. Бааны түшүргүлө, бир машинеден 10-15 миң сом киреше тапсаңар деле жетет десем, жок миң доллар табыш керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп таштадык эле ишсиз калышты».

Президент көмүр казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталганын мойнуна алып, ага «Кыргыз көмүр» ишканасында эки жетекчи алмашып, саботаж уюштурулганы себеп болгонун билдирди.

Президент учурда көмүр маселеси чечилгенин, Кара-Кечеде көмүр казылып жатканын айтты.

Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирип, баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өскөнүн маалымдады.

Эң кымбат баа Ноокатта (10 039 сом), Баткенде (9 718 сом) жана Исфана шаарында (9 091 сом) катталган. Эң арзан көмүрдү Нарындын Чаек айылынан (2500 сом) жана Балыкчы шаарынан (4049 сомдон) алса болот.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.