Садыр Жапаров дин тууралуу мыйзамга кол койду

0

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө”
мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда президенттин
басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, аталган мыйзам Кыргызстандын дин
чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл
алынган. Ал 1-февралдан тарта күчүнө кирет.
Анда китепчелерди жана баракчаларды таратууга, диний
агымдарды жайылтуу максатында диний багыттагы объекттерди
кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Мамлекеттик
мекемелерде жана коомдук жайларда кызматтык иштерге
байланыштуу кийимдерди кошпогондо адамдын жүзүн таанууга
тоскоол болгон кийимдер (бет кап, паранжа, никаб өңдүү) менен
жүрүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары диний негизде партияларды жана башка саясий
түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий
ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка
диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия былтыр 30-августта “Дин
тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам
долбоорун коомдук талкууга койгон. Бул документ коомчулукта
кызуу талкуу жаратып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча
жумушчу топ түзүлүп, алар кайра иштеп чыккан.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-декабрда дароо экинчи жана
үчүнчү окууда кабыл алынган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.