Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барат

0
 Садыр Жапаров 22-25-сентябрь күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн АКШга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчысы Башкы Ассамблеянын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт.
«Мындан тышкары, уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жана делегацияларынын башчылары менен жолугушуулары пландаштырылган», — деди Сагынбек Абдумуталип.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.