Президент Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
Recover your password.
A password will be e-mailed to you.
Президент Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
Ал Трамптын лидерлик тажрыйбасы жана билими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним билдирди.
«Биздин элдин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам. Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем» , — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.
АКШда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мурдагы президент Дональд Трамп өзүн жеңүүчү атады. Бирок добуштарды эсептөө уланууда. Расмий жыйынтык жарыялана элек.
Fox басылмасынын божомолу боюнча АКШдагы шайлоонун тагдырын чечет деп айтылып жаткан жети штаттын алтоосунда Трамп алдыда келе жатат.
Трамп Флорида штатында шайлоочуларынын алдында чыгып сөз сүйлөдү. Ал шайлоодо утканын жарыялады.
«Биз тарыхий жеңишке жеттик. Сенаттагы шайлоо боюнча да республикачылар алдыда келе жатат. Биз америкалыктар үчүн татыктуу жана гүлдөп-өнүккөн Американы курабыз. Муну ишке ашырмайынча тынчыбайм», — деп айтты Трамп.
Соңку маалыматтарга ылайык, Трамп шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун ала элек. Учурда 267 добушка ээ болуп турат. Бирок негизги штаттардагы жыйынтыктар эбак эле жарыяланган.
Get real time updates directly on you device, subscribe now.
Recover your password.
A password will be e-mailed to you.