Бишкекте профессионалдык бокстун эл аралык кечеси өттү.
Башкы кармашта Самат Кыргыз Абдрахманов зимбабвелик спортчу Брендон Денес менен рингге чыкты. Натыйжада калыстар бир добуштан жеңишти кыргыз боксчусуна ыйгарышты. Ата мекендик спортчу беттештин алгачкы раунддарында эле мыкты техниканы колдонуп, так соккуларды урган. Анын жеңиши турнирдин бүйүр кызыткан учурларынын бири болду.