«Сармерден» оюну кыргыз кыздары менен казак мырзаларынын ортосунда өттү

0

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата кыз-жигиттердин «Сармерден» оюну өттү. Иш-чара 24-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында орун алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, «Сармерден» оюну кыргыз кыздары менен казак мырзаларынын ортосунда өттү. Бүгүн, 25-августта кыргыз жигиттери менен казактын өнөрлүү кыздарынын таймашуусу орун алат.

Маданий иш-чарага президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты.

Эске салсак, 23-августта Казакстандын өнөр адамдары иш-чарага катышуу үчүн келишкен.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.