Семетей Аманбеков: Булар элге душманбы? Айдоочулар ташыган көмүрдөн канча пайда табышаарын эсептеп чыктык

0

Журналист, аналитик Семетей Аманбеков көмүргө болгон баанын асмандап кетиши тууралуу пикирин бөлүштү.

«Кыргызстанда көмүргө болгон баа заматта асмандап кетти. Былтыр айдоочулар жол боюнда көмүрдүн 1 тоннасын 2800-3000 сомдон саткан болсо, быйыл 2021-жылы 5000-8000 сомдон сатып жатышат.
Кыргызстандын эли массалык электр энергиясын өчүрүүдөн улам кышында тоңуп калуу коркунучу астында калды.
Мамлекет көмүрдүн баасына киришүүгө аргасыз болду, 3000 сомдон көмүрдүн тоннасын саттырып жатат. Ал эми көмүрдү Кара-Кечеден ташыган айдоочулар күйүүчү майды, мотор майын, тетиктерди эсептегенде мындай баа актабай калат деп нааразы болушту.
Президент Садыр Жапаров мындай нааразычылык жараткандарды өз элине кыянаттык кылган душмандар деп атады.
“Менин душмандарым бир гана бийликте эмес, элдин арасында да бар. Бир эле мисал, мына ушул көмүр тууралуу. Мен бир айдан бери көмүрдүн баасын түшүргүло деп жалдырап сурандым, ар бир машинадан 10-15 миң пайда көрсө жетишерлик болот да. Бирок алар көнгөн жок, ар бир машинадан аларга миң $ калышы керек экен. Аргасыздан өкмөт ишти өз колуна алып, көмүрдүн баасын 3000 сомго түшүрду, эми алар ишсиз калышты”, — деп айтты ал.
Президент Садыр Жапаров «Биз “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик Ишканасына кайрылдык, ошону менен бирге экономисттер жана айдоочулар болуп Кара-Кечеден Бишкекке ташылылып келген 1 тонна көмүрдүн өздүк наркын эсептеп чыктык. Бир жолку ташыганынан канча пайда көрүшөрүн да эсептеп чыктык.
Белгилей кетүүчү нерсе бардык чыгымдарды кандайдыр бир нерсе эске алынбай калбасын деп биз максималдуу түрдө алдык».

Get real time updates directly on you device, subscribe now.