Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болууну көздөгөндөр 230га жетти

0

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 12-октябрга карата 228 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр. БШКнын маалыматына караганда, 11-октябрда 27 киши арыз тапшырды.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу (№35 Ак-Суу округу), 2020-жылы «Мекенчил» партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан Төрөкан Жунусбеков (№21 Талас округ), ЖК депутаты Каныбек Иманалиев (№25 Аламүдүн округу), Былтыр «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Улан Бакасов (№33 Нарын округ), Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков (№27 Биринчи май округу) жана башкалар бар.

Бүгүн 12-октябрда абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Аны БШКга абак кызматкерлеринин коштоосунда алып барышты.

Саясатчы Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер болууга арыз тапшырды.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасов жергиликтүү тургундарга добуш үчүн акча сунуш кылганы тууралуу тасма буга чейин да Интернетте тараган. Бакасов муну жалган жалаа, каралоо деп баалаган.

2018-жылы «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 2020-жылы августта түрмөдөн чыккан. Жогорку сот мурдагы депутатка мунапыс колдонулганын билдирген. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышууну көздөгөндөр арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырууга тийиш. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатышат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.