Шайлоо: добуштардын 90% ашыгы кол менен саналды

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, 3-декабрга карата добуштардын 92,62 % кол менен саналды жана анда беш пайыздык чектен алты партия өттү.

Тактап айтканда, «Ата-Журт Кыргызстан» 16,70%, «Ишеним» 13,76%, «Ынтымак» 11,19%, «Альянс» 8,02%, «Бүтүн Кыргызстан» 6,70% жана «Ыйман Нуру» 6,24% добуш алды.

Добуш берүүдөн кийин 2015-жылдан бери колдонулуп жаткан БШКнын автоматтык эсептөө системасынан улам талаш-тартыш чыккан. Бир катар партиялар «бул системаны бийлик көзөмөлдөп, добуштардын санын каалагандай өзгөрттү» деп нааразычылык билдирген. БШК менен бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагып келет.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болуп, 21 жылдан кийин аралаш система менен өттү жана биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.