Шайлоого катышуудан эки саясий партия жана төрт киши баш тартты

0

Борбордук шайлоо комиссиясы №4 Көк-Жар округунан Махабат Мавлянованын, №29 Свердлов округунан Жылдызбек Исакуловдун, №24 Сокулук округунан Акыл Курманалиевдин жана №19 Токтогул округунан Тынчтыкбек Абылдаевдин шайлоого катышуу ниетинен баш тартканы тууралуу арызын канааттандырды.

Ошондой эле «Адилет» жана «Кыргызстан дыйкандар-фермерлер» саясий партияларынын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу өтүнүчү кабыл алынды. Мындай чечим БШКнын 17-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Ушуну менен 18-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан ат салышуу ниетин билдиргендердин саны 377 адам болду. Алардын ичинен 51и талапкер болуп катталды. Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. Шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашуун партиянын 23ү талапкерлердин тизмесин аныктады. Партиялар 18-октябрга чейин тийиштүү документтерин БШКга тапшырып бүтүшү керек. Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.