Швейцарияда Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн биринчи раунду аяктады

0

Швейцариянын Женева шаарында Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундду аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирген.

Буга чейин Кыргызстанга Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчиси Скот Перриден бейтарап аймакта жагдайдан чыгыш үчүн баардык мүмкүн болчу жолдорду талкуулоо менен сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу кат келген.

Ошондой эле Кыргызстан «Кумтор Голд Компани» ишканасынын түз ээси боло турган сценарий сунушталган.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курамында Кабинет министринин төрагасынын орун басары, Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкалар бар топ сүйлөшүүгө барган.

Тараптар пикир алышып, кыргыз тарап сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттанганын, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу мнен зарыл болсо сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин Султанбаев билдирди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.