Соцфонд: Пенсионерлердин жарымы төмөнкү чектен аз акча алышат

0

Кыргызстанда бүгүнкү күндө пенсионерлердин жарымы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн 17-февралда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун бюджети талкууланып жатканда айтылды.

Жашоо минимуму өлкөдө 5800 сом деп аныкталган. Мындай өлчөмгө жетпеген акча алгандар 348 миң пенсионер.

Жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылдын 1-январынан тартып бардык пенсионерлерди жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 714 миң пенсионер бар.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.