Түндө Бишкектеги курулуш базарында ири өрт чыкты

0

Бүгүн, 14-апрелге караган түнү Бишкектеги «КөкСай» курулуш
базарында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-апрель саат 00:00дө Эски толчоктогу «КөкСай» курулуш базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат
түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Бишкек
мэриясынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Өрт саат 01:33тө
чектөөгө алынган.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзгөн.
Жеринде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы
жетектеген ыкчам топ иш алып барууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.