Түркиянын Карталкая тоо лыжа курортундагы мейманканадан өрт чыгып, 10 адам каза болду

0

Түркиянын Карталкая тоо лыжа курортундагы мейманканадан өрт чыгып, 10 адам каза болуп, дагы 32 адам жаракат алды деп Түркиянын ЖМКлары билдиришти. Түркиянын ички иштер министри Али Ерликтин маалыматы боюнча, өрт тууралуу кабар бүгүн, 21-январда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:27де түшкөн.

Анын айтымында, өрттү өчүрүү жана куткаруу иштерине ар кандай мамлекеттик мекемелердин 267 кызматкери тартылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, өрттөн жабыркагандарга тез сакайып кетүүнү каалады. Өрт Болу шаарындагы Карталкая тоо лыжа курортундагы мейманканалардын биринде чыккан.

«Окуя башталгандан бери биз тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз жана иликтөөлөр дароо башталды. Болу элине жана жабыркагандардын баарына чын жүрөктөн көңүл айтам», — деп мамлекет башчысы социалдык тармактарда билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түркиянын компетенттүү органдарынан бул окуя боюнча маалымат сураган. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, учурда имараттын жогорку кабаттарындагы өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.