«Түндүк электр» ишканасынын жетекчиси алмашты

0

«Түндүк электр» ишканасынын башкы директору Азамат Кожомкулов кызматынан бошотулду. Мындай чечимди директорлор кеңеши 23-ноябрда кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кожомкулов өзүнүн арызынын негизинде кызматтан алынган. Анын ордуна башкы директор болуп Нурдин Осмонов дайындалды.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард метр куб. гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

«Түндүк электр» ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловатт чек киргизген.

Айрым аймактарда электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басыла баштады.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.