Түркиянын май куючу жайларында миңдеген тургундар кезек күтүүдө

0

Түркиянын миңдеген тургундары   лиранын куну түшүп күйүүчү майдын баасы жогорулап жаткандыктан улам май куюуучу жайларда узун кезек күтүшүүдө.

Энерегетика, бензин жана газ менен камсыздоо станцияларынын жумуш берүүчү союзу (EPGIS) эртеңден тартып бензин, дизель отуну жана суюлтулган газ кымбаттарын жарыялангандан соң май куючу жайларда кезек күткөндөрдун саны кескин жогорулады.

ЖМКлар узак кезектер менен айдоочулардын ортосунда чатакташуулар келип чыгып жатканын кабарлоодо.

Буга чейин лиранын наркы түшүп кетип Стамбул жана Анкара шаарларында чачкын түрдө нааразылык акциялары өткөрүлгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.