Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода жумушчу жолугушуу учурунда маалымдады.
Анын айтымында, 1 ай ичинде чыгымдарды жабуу тапшырмасы өлкө башчысы Эмомали Рахмон тарабынан берилген.
«Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда кыйраган үйлөрдүн бардыгы бир айдын ичинде мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет. Жабыркагандар менен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жана акча каражаты тарабынан жардам көрсөтүлөт», — дейт ал.
Булак: «Жетинчи канал»